Кыргыз-тажик чек арасынын 17.6 км сызыгынын өтүү долбоору даярдалды
Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы узундугу 17,66 км болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктап, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.
Жолугушуу Баткен шаарында өткөрүлдү. Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.