Мамлекеттик карызды тейлөөгө 30.6 млрд сом жумшалды – Каржы министрлиги
2022-жылдын январь–ноябрь айларына мамлекеттик карызды тейлөөгө 30.6 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына жараша, ички мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 10 млрд сомдон ашык бөлүндү. Тышкы карызга 20.6 млрд сом жиберилди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 434.4 млрд сомду ($5.2 млрд) түзөт.