Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна $59.5 млн сатты
Улуттук банк кечээ, 6-декабрда долларга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн тескери интервенция жүргүзүп, валюта базарына $59.5 млн сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.
Белгилүү болгондой, валютанын бир бөлүгү – $1 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылган. Калган $58.5 млн доллар башка күндөгү эсептешүү менен сатылат.
Бул доллар сатуу боюнча быйылкынын эсебинен жетинчи интервенция болуп саналат. Ушундай эле бүтүмдөр 12-27-январда, 24-февралда, ошондой эле 4-10-мартта, 16-ноябрда болгон.