2022-жылы чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү $958 млн түздү
2022-жылдын январь-сентябрында $958 млн түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу агым 1.9 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен $395 млн ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Инвестициялардын 96% пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү. Бул негизинен алардын Япониядан – 13 эсеге, Түркиядан – 4 эсеге, Швейцариядан – 2.6 эсеге, Кипрден – 2.1 эсеге, Кытайдан – 1.6 эсеге жана Нидерланддан 13.6% га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (33.5%), Кытайга (22.9%), Нидерландга (5.9%) жана Улуу Британияга (3.3%) туура келди.
КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1.7 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Россиядан 2.1 эсеге жана Казакстандан 20.8%га өсүшүнүн эсебинен болду.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн өсүүсү Ысык-Көл облусунан жана Ош шаарынан сырткары, бардык региондордо белгиленди.