Чакан жана орто ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары үч жылдык мөөнөткө төмөндөтүлдү

Чакан жана орто ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары үч жылдык мөөнөткө төмөндөтүлдү

2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы жарыялады.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51% ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.

Жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

  • жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27.25%дан 22%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12% жана жумушчудан 10%);
  • жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо – 27.25%дан 14%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4% жана жумушчудан 10%).

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0.25 %) алып салынды.

Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калат – 27.25% (жумуш берүүчүдөн 17.25 % жана жумушчудан 10%).

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан