Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында коло медаль утту
Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан U23 дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күч сынашты.
1/8 финалда АКШлык Максвелл Хоппер Блэкти 64 секундада 8:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Азербайжандык Элмир Алиевге 4:7 эсебинде утулду. Атаандашы финалга чыккандыктан Кубаныч көңүл жубатуучу беттешке өттү.
Көңүл жубатуучу беттеште Польша өкүлү Оливье Томаш Скшипчакты 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту. Ал эми коло үчүн күрөштө Өзбекстандык Мехрож Бахрамовду 1 мүнөт 51 секундада туше менен жеңди.