Кыргызстанда чет өлкөлүк элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу сунушталууда
КРнын Социалдык фонду өлкөдө иштеген чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жана консулдук мекемелерди жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, элчиликтер жана консулдуктар жумуш берүүчү катары социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Бирок кызматкерлердин эмгек акысынан кармалуучу төгүмдөрдү эсептөө жана Социалдык фондго которуу милдети сакталат.
Мыйзам долбоорунда кызматкерлер үчүн төмөнкү тарифтер каралган:
- Кадимки кызматкерлер — 10% (8% Пенсиялык фондго, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна);
- Пенсионер-кызматкерлер — 8%;
- I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлер — 2%.
Социалдык фонддун түшүндүрмөсүнө ылайык, өзгөртүүлөр чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн эл аралык-укуктук макамын эске алуу максатында сунушталууда.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда элчиликтер жана консулдуктар мурда төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү кайтарылбай турганы белгиленген.
Документ кабыл алынса, мыйзам расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.