Ысык-Көлдө май куюучу жайдын курулушунда мыйзам бузуу аныкталды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Каракол шаарындагы Карасаев көчөсү 137Б дарегиндеги май куюучу жайга пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, текшерүү жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн. Объект учурда иштебей, реконструкция жүрүп жатканы аныкталган. Резервуар алмаштырылып, оператордук жайдын планы өзгөртүлүп, капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө.
Объекттин өкүлдөрү архитектуралык-пландоо тапшырмасын жана пайдаланууга кабыл алуу актысын көрсөткөн. Бирок реконструкцияга тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтер сунушталган эмес.
Жыйынтыкта мыйзам бузууларды жоюу боюнча акт түзүлүп, жооптуу өкүлгө жазма буйрук берилди. Шаар куруу ченемдерин бузгандыгы үчүн "Реал Петролеум" ЖЧКсына 23 миң сом айып пул салынды.