Чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы $563.5 млн түздү

Чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы $563.5 млн түздү

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1.6%га кыскарды жана $563.5 млн түздү. Маалыматты Улуттук статистикалык комитети жарыялады.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (92% ашыгы) пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүндөгү ишканаларда, иштетүү өндүрүшүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда,  ошондой эле  геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5.5% га өстү, бул негизинен алардын Японияга – 291.6 эсеге, Германияга – 9.5 эсеге, Түркияга – 9.2 эсеге жана  Улуу Британияга 1.4 эсеге өсүүнүн эсебинен болду.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (43.9%), Кытайга (30.8%) жана Канадага (8%) туура келди. КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 2.3 эсеге төмөндөдү, бул Россияга багытталган инвестициялардын 3.4 эсеге  кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Казакстанга чыгып кетүүсүнүн агымы 33.4% көбөйдү.

2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан сырткары, көпчүлүк  региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып