Эмгек министрлиги мигранттарга 300 миң рубль өлчөмүндөгү төлөнбөгөн маянаcын алууга жардам берди

Эмгек министрлиги мигранттарга 300 миң рубль өлчөмүндөгү төлөнбөгөн маянаcын алууга жардам берди

КР Социалдык эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 150 эмгек мигрантка 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, бир факты боюнча иш берүүчүдөн өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсация өндүрүлгөнү белгиленген. Жалпысынан 54 арыз түшкөн.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк Орусияда каза болгон кыргызстандык 8 жарандын сөөгүн мекенине алып келүүгө көмөктөшүп, жалпысынан 560 миң рубль компенсация төлөп берген.

Мындан тышкары, 635 кыргызстандык Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча консультация алышкан. Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга төрт жолу барышып, укук бузуулары үчүн Россия Федерациясынан депортацияланууга тийиш болгон кыргызстандыктар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Өкүлчүлүктүн дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7, 5 корпус, телефон: +74951977671; e-mail: pred.mtsom@mail.ru.

Ошондой эле төмөнкү суроолор боюнча кайрылууга болот:

  • эмгек акынын төлөнбөгөнү, эмгек талаш-тартыштары, жаракат алгандардын ордун толтуруу, чыгаруу, депортациялоо, миграциялык каттоо, медициналык текшерүү телефону: +74951977671 (кошумча 205).
  • каза болгондорду ташып келүү үчүн бир жолку төлөмү, кыргыз диаспорасы жана мекендештердин улуттук-маданий бирикмелери менен өз ара аракеттенүү, жарандарды ишке орноштуруу телефону: +74951977671 (кошумча 204).

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып