Израилдик Biofarmax Group LTD Кыргызстанга фармацевтикалык заводду куруп берет
Экономика жана коммерция министрлиги, мамлекеттик органдары жана кызыкдар ишканалар менен бирдикте израилдик Biofarmax Group LTD компаниясы менен фармацевтикалык заводду жана кампаларды куруу боюнча кызматташуу маселелерин активдүү иштеп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр Данияр Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБде ата мекендик өнөр жай потенциалын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.
Бишкек инвестициялык саммитин өткөрүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдөгү ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.