«Кепилдик фонд» 3000-чи кепилдикти берди
«Кепилдик фонд» ААК ишмердигин баштаган мезгилден 3 миң кепилдик берди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 11 айында берилген кепилдиктердин жалпы саны 624 түздү, алардын суммасы 1.45 млрд сомдон ашты, финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүк 5.3 млрд сомдон ашты.
Кепилдик фонддун акыркы үч жылдагы статистикасы төмөнкүдөй:
- 2019-жылы кепилдиктердин суммасы 482 млн сомдон ашып, бул ишкерлерге 1.5 млрд сом өлчөмүндө кредит алууга мүмкүндүк берди;
- 2020-жылы дээрлик 800 млн сом суммасында кепилдиктер берилген, ал эми кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүк 2.5 млрд сомдон ашык суммада камсыздалган;
- 2021-жылы Кепилдик фонду тарабынан ишкерлерге 1.15 миллиард сомдон ашык суммада кепилдик колдоо көрсөтүлсө, кредиттердин көлөмү 4 млрд сомдон бир аз азыраак болгон.