Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады

Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде билдирди.

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5.7%дан 1.3%га кыскарган. Ар бир өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү көптөгөн факторлордон көз каранды, бирок алардын ичинен эң негизгиси чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукциянын экспортко багытталуусу болуп саналат.

«Кичи жана орто ишканалар өздөрүнүн мобилдүүлүгүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, ишке карай инновациялык мамиле кылуусунун аркасында ар кандай өзгөрүүлөргө ыкчам көнүүгө, жаңы продукцияны тез өндүрүүгө жөндөмдүү. Натыйжада, чакан жана орто бизнестин эсебинен оптималдуу чарбалык пропорциялар түзүлөт жана сакталат. Ошондуктан, биз мындан ары да кичи жана орто бизнести жигердүү колдоого, инвестициялоого жана алардын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө, алдыңкы технологияны өздөштүрүү үчүн өз ара өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого тийишпиз», – деди Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бүгүнкү Саммит ири инфраструктуралык жана башка экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы демилгелер сунуштала турган аянтча экендигин, санариптештирүү, жаңы технологиялар жана башка тармактарда кызматташуу илгерилей тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып