Алтынды сатууну кайра улантуу үчүн LBMA менен сүйлөшүүлөр өттү
КР министрлер кабинетинин делегациясы Лондондун баалуу металлдар базарлары ассоциациясынын (LBMA) жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР дүйнөлүк рынокко, анын ичинде Британия рыногуна баалуу металлдарды чыгаруу маселесин талкуулашты.
Кыргыз тарап ата мекендик алтынды дүйнөлүк рынокто сатууну жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн көбөйтүү милдети ал үчүн приоритет экенин баса белгиледи.