Бакыт Төрөбаев: Чакан ГЭСтердин келечеги чоң
Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты.
Анын айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу милдети коюлган.
«Электр энергетика комплекси керектөөчүлөрдү жыл бою энергия менен ишенимдүү камсыз кылууга жөндөмдүү. Чакан ГЭСтерди жигердүү курууну баштоо менен электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого, экономикалык жоготууларды кыскартууга жана ошол эле учурда өлкөдөгү ишкер жана инвестициялык климатты жакшыртууга жетише алабыз», – деп белгиледи Төрөбаев.