Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат
Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында президент Садыр Жапаров ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин — Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алды.
Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар курамдагы жыйыны өтүүчү залга өтүштү.