Бюрократия гидроэнергетиканын өнүгүшүнө тоскоолдук болгон негизги себеби
Бюрократия гидроэнергетиканын өнүгүшүнө тоскоолдук болгон негизги себеби. Бул маселе чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде айтылды.
Кеңешменин жүрүшүндө чакан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирген көйгөйлөр айтылды. Мында жөнгө салуу-уруксат берүүчү жол-жоболор чакан ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу процессин кыйла жайлатууда.
Муну эске алуу менен чакан ГЭСтердин курулушун баштоону жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү, ошондой эле айыл чарба объектилерин электр энергиясы менен камсыз кыла турган мурда иштеп келген чакан станцияларды кайра түзүү сунушу айтылды.
Жыйындын катышуучуларынын айтымында, кичи дарыялар, агын суулар, табигый шаркыратмалар жана суу агымдары чакан ГЭСтерди курууга кеткен чыгымды азайтууга шарт түзүп, бирок алар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө.