Британиялык эксперттер КРнын авиациясын Евро Биримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга көмөктөшөт

Британиялык эксперттер КРнын авиациясын Евро Биримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга көмөктөшөт

Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгы, мамлекеттик авиарегулятор Кыргызстандагы авиациялык коопсуздукту жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилиги билдирди.

Элчилик британиялык адистердин биринчи тобу өткөн аптада Бишкекке таанышуу сапары менен келип кетишкенин кабарлады.

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында CAAi эксперттери Кыргызстандын бийлигине төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • Учуулардын коопсуздугунун мамлекеттик программасын эл аралык талаптарга ылайык кайра карап чыгуу жана жаңылоо
  • Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлорун жана тармактык персоналды коопсуздук эрежелерин сактоонун акыркы стандарттарына үйрөтүү
  • Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик жаңы программаны ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык курстар берилет.

Элчилик долбоор 2023-жылдын жай айларында аяктарын, анын натыйжасында, Кыргызстанда коопсуздуктун жана көзөмөлдүн деңгээлин жогорулай тургандыгын, ошондой эле бул республикага өзүнүн авиация тармагын Европанын “кара тизмесинен” чыгарууга жардам берерин айтат.

“Учуулардын коопсуздугу боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен кызматташууга кубанычтабыз. 2009-жылы мындай программаны ишке ашырууга киришкен авиациялык регулятор катары ноу-хау жана баалуу билимдерге ээ Улуу Британиянын эксперттери Кыргызстанга пайда алып келет деген ишеничтебиз”, – деди Роб Эрскайн, CAAi эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси.

Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО, ИCАО) талаптарына ылайык, ар бир мамлекет мындай программага ээ болушу жана аны аткарышы керек. Долбоор 2022-жылдын декабрында башталып, 2023-жылдын биринчи жарымында аякташы күтүлүүдө.

  • UK Civil Aviation Authority International (UK CAAi) – Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгынын авиация тармагында техникалык жардам көрсөтүүчү, кеңеш берүүчү органы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

КРнын айрым мыйзам актыларына, укук бузуулар жөнүндөгү кодексине, укук бузууларды алдын алуу негиздери жана тынчтык жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору бүгүн ЖКтин отурумунда, биринчи окууда жактырылды. Бул боюнча КРнын ИИМнин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, 2025-жыл ичинде 102 байланыш телефон аркылуу ИИМге 164 432 ар кандай чалуу

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз