Кыргызстандын калкынын бештен экиси толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок

Кыргызстандын калкынын бештен экиси толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок

Кыргызстандын калкынын бештен эки бөлүгү (38%) туура тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул маалыматтар Айыл чарба министрлигинин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен биргеликте жүргүзгөн Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо (ПЗЖТ) боюнча изилдөөсүндө айтылат.

Белгиленгендей, 2012-2021-жылдар аралыгында бойдун өспөй калуу көрсөткүчтөрү 18%дан 7%га чейин төмөндөгөнүнө карабастан, ашыкча салмактан жана семирүүдөн жана аны менен байланышкан жугуштуу эмес оорулардан жапа чеккен балдардын жана чоңдордун пайызы кескин көбөйүп, микроэлементтердин жетишсиздиги уланууда.

ПЗЖТ изилдөөсүнө ылайык, пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рацион күнүмдүк энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рационго караганда үч эсе кымбат турат, энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рациондун орточо күнүмдүк наркы беш адамдан турган үй-бүлө үчүн 107 сомду түзөт, ал эми ошол эле үй-бүлө үчүн пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рациондун орточо баасы дээрлик 3 эсе жогору болуп, 296 сомду түзөт.

Пайдалуу заттардын жетишсиздиги КРда туура эмес тамактануунун
натыйжасында келип чыккан оорулардын өнүгүүсүнө жол ачууда. Тамактануунун сапатын жакшыртуу маселесин чечүүнүн бир жолу жок, демек, туура тамактанууга байланыштуу иш- чараларды социалдык коргоо программалары менен айкалыштыруу аркылуу аялуу үй- бүлөлөргө пайдалуу азык-түлүктүн жеткилүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүн.

Изилдөө мектеп тамак-ашынын азыктык курамы боюнча айкын колдонмолор жана жоболор аркылуу мектептеги тамактандыруу программаларын күчөтүү, мамлекет тараптан каржылоону көбөйтүүнү илгерилетүү, мектептеги тамактануу программасын башка курактарга (мектепке чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр сыяктуу) кеңейтүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

КРнын айрым мыйзам актыларына, укук бузуулар жөнүндөгү кодексине, укук бузууларды алдын алуу негиздери жана тынчтык жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору бүгүн ЖКтин отурумунда, биринчи окууда жактырылды. Бул боюнча КРнын ИИМнин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, 2025-жыл ичинде 102 байланыш телефон аркылуу ИИМге 164 432 ар кандай чалуу

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз