ОКӨФ бекиткен насыялардын көлөмү 470 млн долларга жетти

ОКӨФ бекиткен насыялардын көлөмү 470 млн долларга жетти

1-декабрга карата Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Кыргызстандагы ишкерлерге 3 269 жеңилдетилген насыя берүүнү жактырды. Бекитилген кредиттердин жалпы суммасы 471.3 млн долларды түзгөнүн фонддун финансылык отчетунда айтылат.

ОКӨФтүн түз каржылоосу аркылуу жалпы суммасы 252 млн долларга 98 ири насыя берилген.

Фонддун өнөктөшү болгон банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу кичи жана орто бизнеске берилген кредиттердин саны 219.3 млн доллар өлчөмүндө 3 171 кредитти түздү.

Кредиттин басымдуу бөлүгү айыл чарбага жана өндүрүшкө берилген. Ошондой эле инфраструктураны, туризмди, транспортту жана байланышты жана маалыматтык технологияларды, финансылык ишмердүүлүктү жана башка тармактарды өнүктүрүүгө кредиттер берилген.

Эске салсак, ОКӨФ кредиттерди түз жана өнөктөш банктар аркылуу берет. Насыялар жылдык 4% үстөк менен берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

КРнын айрым мыйзам актыларына, укук бузуулар жөнүндөгү кодексине, укук бузууларды алдын алуу негиздери жана тынчтык жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору бүгүн ЖКтин отурумунда, биринчи окууда жактырылды. Бул боюнча КРнын ИИМнин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, 2025-жыл ичинде 102 байланыш телефон аркылуу ИИМге 164 432 ар кандай чалуу

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз