Бүгүн Чүй облусунда карызы бар 3.5 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт
Чүй электр тармактар ишканасы (ЧүПЭС) бүгүн, 14-декабрда 3.5 миң абоненттин электр энергиясын өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.
Электр энергияга болгон карызы үчүн турак-жай жана турак жайга кирбеген абоненттердин электр энергиясы бир күндө өчүрүлөт.
Ыңгайсыздыкка кабылбоо үчүн ЧуПЭС абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.