Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

Кепилдик фонду, Мамлекеттик ипотекалык компания жана “РСК банк” ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кепилдик фонду, МИК жана “РСК банктын” ортосундагы макулдашуу КРнын жарандары үчүн ипотекалык турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ипотека алуу үчүн жетиштүү баштапкы төлөмү жок банк кардарларына милдеттенмелердин бир бөлүгүн камсыз кылуу боюнча кепилдиктер берилет.

“РСК банк” башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев белгилегендей, банкка турак-жай сатып алуу үчүн кредиттик арыздар көп түшүүдө. Анын айтымында, көбүнчө ипотекалык насыя алууда негизги тоскоолдук болуп, баштапкы төлөмдү төлөөгө каржылык ресурстардын жетишсиздиги саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" Диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты. Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, "жашыл" экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

КРнын Акыйкатчы институтунда Президенттин тапшырмасынын негизинде кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Президенттин иш башкармасынын маалыматына ылайык, иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаева катышты. Анын жүрүшүндө Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

Беш жылдагы эң төмөнкү баалардын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин болот. Мындай билдирүүнү РФ Борбордук банкынын төрайымы Э.Набиуллина РФ Борбордук банкынын пайыздык чени боюнча чечимине арналган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында инфляциянын максатына жетүү жолунун олуттуу бөлүгү жабылган, бирок Борбордук банк 2027-жылы нейтралдуу көрсөткүчкө жетет деп болжолдойт. Бүгүн Россия

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары