Абактагы бизнесмен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишкерге тиешелүү жерди тартып алганын билдирди

Абактагы бизнесмен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишкерге тиешелүү жерди тартып алганын билдирди

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта жаткан ишкер, активист Илгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков анын мыйзамдуу жерин тартып алганын билдирди.

“Мага карата бийлик тараптан, тагыраагы Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков тарабынан рейдерлик басып алуу, дагы да болсо ушул тапта уланууда. Бүгүн адвокатым СИЗОго келип, менин Таш-Көмүр суу сактагычында жайгашкан 5 гектар балык чарбага алынган, мыйзамдуу жеримди, мыйзамсыз түрдө, соттун чечими менен тартып алганын айтты.

Сот отуруму дагы мыйзамсыз түрдө өткөн, бизге эч кандай чакыруу кагазы келген эмес. Айтбай дебей эле, соттун чечими бир тараптуу чыккан. Бул жерге менин канчалаган акчаларым кеткен, долбоорду жана башка бүт документтерин бүтүргөнгө. Ошондой эле жазында бул жерге чоң балык чарбасын курууну көздөп, керектүү иштерди жүргүзүп жатканбыз.

Урматтуу, Садыр Нургожоевич, сиз учурунда түрмөдө мыйзамсыз жаткандай, мен дагы эч бир далил жок түрмөдө отурам. Сизди калыс болууга, адилеттүү болууга чакырам. Мен билем, сизге бир тараптуу, бурмаланган маалыматтар жетип жатат. Туура чечим чыгаруу үчүн эки тарапты тең угуп, анан чечим кабыл улуу керек. Жок дегенде менин ишкерлигиме асылбай, калыс болсоңуз жигитче болот эле. СИЗО-1 16-декабрь 2022-жыл”, – деп жазат ишкер өзүнүн билдирүүсүндө.


Эскерте кетсек, буга чейин «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору, ишкер Илгиз Шаменов менен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Фейсбуктан кайым айтышып келишкен.

Ага чейин ишкер Шаменов министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн, мыйзамсыз, себепсиз текшерүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине ачык кайрылуу жолдогон. Ага Шаменовдун Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон. 

Ошондой эле Шаменов бийлик тараптан куугунтуктоо болгонун жана учурда ал Россияга кетип, балык чарба бизнесин ал жактан улантканы жатканын өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирген эле.

Кийинки убактары Шаменов бийликтин саясий ишмердүүлүгүнө жана Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирлерин билдирип жүргөн. Жыйынтыгында, Москвадан кармалып келип, Кыргызстанда башка активисттер менен кошо абакка киргизилген.

Кошумча окуңуз:

Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты

Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаарындагы медициналык колледжде ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2026-жылдын мартына чейин бир жаран расмий түрдө жумушка кабыл алынганы менен, иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарган эмес. Ошого карабастан, ага жалган табелдердин негизинде үзгүлтүксүз айлык маяна

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү. Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонд жарандарга курагы боюнча пенсияны онлайн түрүндө дайындоого мүмкүндүк бере турган системаны иштеп чыгууда. Соцфонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Женишбек Мукамбетовбилдиргендей, бул автоматташтырылган маалыматтык система болот. Анын жардамы менен жарандарга документтерди чогултуп, мекеменин бөлүмдөрүнө барып арыз тапшыруунун кереги жок болот. «Эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка