Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Токой кызматы тарабынан токойлорду коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Токтогул районунда текшерүү жүргүзүлдү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы дарактардын куурашы кара-коло мурутчан коңуздун таасиринен экени аныкталды.

Билдирүүгө караганда, бул маселе алгач 2016-жылы эле белгиленгенине карабастан, тиешелүү чара көрүлбөй келген. Ушул жылдын башында Токой кызматы тарабынан Мамлекеттик токой фондусунун аймагында ар кандай зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү боюнча ведомстволук жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ иш сапары менен Токтогул районуна барып, ал жактагы зыянкечтерге байланыштуу атайын окутуу өткөрүлүп, мониторинг жүргүзүлүп, актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында адистер жабыркаган дарактарды тез арада кыюу жана өрттөп жок кылуу боюнча сунуштарды беришти. Ошондой эле токойлорду зыянкечтерден коргоо иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам президенттин “Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Мамлекеттик жөлөк пулдардын жаңы

“Күндүз талаада иштеп, түнү менен кыям кайнатчубуз” – таластык ишкер айымдын ийгилик баяны

“Күндүз талаада иштеп, түнү менен кыям кайнатчубуз” – таластык ишкер айымдын ийгилик баяны

Бул жолку каарманыбыз – Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну, 4 кыздын энеси Жибек Абдрахманова. Ал үй-бүлөсү менен бирге 5 жылдан бери кыям жасап келет. Бүгүнкү күндө алардын чакан цехинде 11 адам эмгектенип, жылына 50-60 тонна кыям өндүрүлөт. Бирок бул ийгиликтин артында күн-түн дебей жасалган эмгек, тобокелчилик жана чоң чыдамкайлык турат. Жибек

Балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдеди

Балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдеди

Президент Садыр Жапаров 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуу тартибин жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдирди. Маалыматка караганда, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстан ичинде балага жалпы жарандык паспортту ата-энесинин биринин арызы менен эле алууга мүмкүн болот. Буга чейин айрым учурда эки тараптын макулдугу

Кемин мал базарында документи жок ондогон мал артка кайтарылды

Кемин мал базарында документи жок ондогон мал артка кайтарылды

Чүй облусунун Кемин районундагы мал базарда жүргүзүлгөн мониторинг учурунда бодо малдын 30 пайызынын, ал эми кой-эчкинин 60%ынын кулагындагы биркасы жана коштоочу документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мухамед Дуванаев билдирди. Маалыматка ылайык, 24-майда