АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

Бүгүн Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётунун негизинде брифинг өткөрдү.

Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөп, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды тааныштырышты.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда тышкы экономикалык абал жакшырган. Тактап айтканда, учурдагы эсептин тартыштыгы 2023-жылы ички дүң продукциянын 45%ына чейин жеткен болсо, 2024-жылы 23,4%га чейин кыскарып, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында 18,8% деңгээлине чейин төмөндөгөн.

Бул өзгөрүү соода тартыштыгынын азайышы жана чет өлкөлөрдөн түшкөн акча которуулардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда өлкө экономикасы мигранттардын акча которууларына көз карандылыгын сактап калууда.

Мындан тышкары, таза валюта сатуу операцияларына карабастан, өлкөнүн алтын-валюта резервдери өсүүдө. Улуттук валютанын курсу салыштырмалуу туруктуу бойдон калганы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген. Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече