«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 8.9 млрд сом төктү

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 8.9 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы ноябрь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8.9 млрд сом салык төлөсө, анын 5.87 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

“Альянс Алтын” ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 615 млн 199 миң сом төлөгөн, анын ичинде:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду – 307 млн 599 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фонду – 184 млн 559 миң сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 123 млн 39 миң сом.

Декабрь айына карата компанияда 785 кызматкер иштейт, анын ичинде:

  • башка аймактардан – 189 кызматкер (27%)
  • Бишкектен – 101 кызматкер (13%)
  • Талас районунан – 495 кызматкер (73%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – 199 кызматкер (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 41%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен 208 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстан аймактарында 2026-жылдын жазгы себүү кампаниясына даярдык алкагында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа) үрөнү менен камсыздоо дээрлик толук камсыздалганын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. Жалпы республика боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзсө, бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2%

АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

Бүгүн Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётунун негизинде брифинг өткөрдү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөп, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды тааныштырышты. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда

Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Токой кызматы тарабынан токойлорду коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Токтогул районунда текшерүү жүргүзүлдү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы дарактардын куурашы кара-коло мурутчан коңуздун таасиринен экени аныкталды. Билдирүүгө караганда, бул маселе алгач 2016-жылы эле белгиленгенине карабастан, тиешелүү чара көрүлбөй келген. Ушул жылдын башында Токой кызматы тарабынан Мамлекеттик

Түндүк айланма жолунда жаңы транспорттук түйүн курула баштады

Түндүк айланма жолунда жаңы транспорттук түйүн курула баштады

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жолу менен Манас айылына алып баруучу жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Азыркы учурда бул участокто көпүрөнүн тирөөчтөрү үчүн свайлар бургуланып, бетон куюу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, айланма жолдун 236–244-чакырымдарында жол катмарын кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле