Түндүк айланма жолунда жаңы транспорттук түйүн курула баштады

Түндүк айланма жолунда жаңы транспорттук түйүн курула баштады

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жолу менен Манас айылына алып баруучу жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Азыркы учурда бул участокто көпүрөнүн тирөөчтөрү үчүн свайлар бургуланып, бетон куюу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, айланма жолдун 236–244-чакырымдарында жол катмарын кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле Алматы көчөсү менен айланма жол кесилишиндеги көпүрөнүн кирүү бөлүктөрүнө асфальт төшөлүп жатат.
Министрликтин маалыматына ылайык, объектте жалпы 250 атайын техника жана болжол менен 600 жумушчу иштеп жатат. Долбоор борбор калаанын айланасындагы жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана тыгындарды азайтууга багытталган.
Эске салсак, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 километрди түзөт. Иштер өткөн жылы башталган. Азыркыга чейин Курманалиев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилиштеринде эки эстакадалык көпүрө курулду.

Реконструкциянын алкагында төмөнкү төрт ири көпүрө курулат:

  • ГЭС-5 (мурун эле курулган);
  • Алматы көчөсү (мурун эле курулган);
  • Жаш Гвардия проспектиси;
  • МАИ посту (Новопокровка).

Мындан тышкары, "Тулпар" базарынын аймагында да транспорттук түйүн курулат. Бул жылы 15 км жолду реконструкциялоо пландалууда: анын ичинде Алматы – Бишкек – Ташкент трассасынын 6 км бөлүгү жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 км бөлүгү бар. Жол 6 тилкеге чейин кеңейтилет. План боюнча бул тилкелерде светофорлор жана үстүңкү жөө өтмөктөр болбойт, алардын ордуна жер алдындагы өтмөктөр курулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media
5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери онлайн иштешет

5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери онлайн иштешет

2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери аралыктан, онлайн форматта иштешет. Мындай чечим транспорт инфраструктурасына түшкөн жүктү азайтуу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүү, ошондой эле Дүйнөлүк мугалимдер күнүнө жана “Бишкек Арена” улуттук стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине байланыштуу кабыл алынган. Президенттин тийиштүү тескемесине ылайык, бул

Ишкер Media
Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media