Баткенде 20 млн сомго табигый таштан жол жана тротуар курулат

Баткенде 20 млн сомго табигый таштан жол жана тротуар курулат

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылында табигый таштан жол жана тротуарлар курулат. Долбоордун баасы 19.5 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул долбоордун тапшырыкчысы КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасы, подрядчы «Жалалабат АБЗ» ААКсы (асфальт-бетон заводу) саналат.

Долбоордун сметалык баасы – 19.5 млн сом жана ал 3 км жолго жана эки көчөнүн тротуарына бөлүнөт.

Учурда Дөбө айылында табигый ташты кесүүчү завод берилген өлчөмдөргө ылайык ишке киргизилип, жолдун 1 чакырым тилкесиндеги табигый таш төшөө үчүн фундаменти даярдалды.

Эгерде жолдун таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, жолдун бир бөлүгүн табигый таш менен төшөө ыкмасы улуттук долбоор катары каралып, өлкө боюнча киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “Жеңиш” конушунда  суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте “Жеңиш” конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин "Жеңиш" турак жай конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, суунун өчүрүлүшү "Жеңиш" суу топтомосундагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. "Бишкексууканал"

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жалпы пландалган иштер: * 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы — АМС "Дотация" иштелип чыкты. Системаны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, AMS "Дотация" дотацияларды алуу