Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору алмашты

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору алмашты

Талантбек Иманакун уулу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

38 жаштагы Талантбек Иманакун уулу 2009-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызмат системасында эмгектенген. 2020-жылдан 2021-жылга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча аймактар ​​аралык башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

2022-жылдын августунан декабрына чейин минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Мындан тышкары окуңуз

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 2026-жылы 8,9%, ал эми 2027-жылы 8,4% болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” (Asian Development Outlook 2026) отчётунда айтылды. АӨБдүн маалыматына ылайык, өлкө экономикасы жакынкы жылдары бир аз жайлаганы менен, жогорку өсүш темпин сактап калат. Буга чейинки жылдары

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт

Кыргызстан аймактарында 2026-жылдын жазгы себүү кампаниясына даярдык алкагында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа) үрөнү менен камсыздоо дээрлик толук камсыздалганын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. Жалпы республика боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзсө, бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2%

АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды

Бүгүн Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётунун негизинде брифинг өткөрдү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөп, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды тааныштырышты. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда

Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда

Токой кызматы тарабынан токойлорду коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Токтогул районунда текшерүү жүргүзүлдү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы дарактардын куурашы кара-коло мурутчан коңуздун таасиринен экени аныкталды. Билдирүүгө караганда, бул маселе алгач 2016-жылы эле белгиленгенине карабастан, тиешелүү чара көрүлбөй келген. Ушул жылдын башында Токой кызматы тарабынан Мамлекеттик