ОКӨФ КРда 5 чакан ГЭС, кардиохирургиялык клиника жана Нарында мейманкана курууну көздөөдө

ОКӨФ КРда 5 чакан ГЭС, кардиохирургиялык клиника жана Нарында мейманкана курууну көздөөдө

Учурда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Кыргызстанда беш чакан ГЭСти курууга насыя берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Артем Новиков Инвестиция агенттиги уюштурган бизнес эртең мененки бизнестамактануу учурунда билдирди.

Новиков белгилегендей, энергетика тармагында ОКӨФ буга чейин эки кичи ГЭСтин курулушун каржылаган жана дагы беш долбоор азыр даярдоо стадиясында турат. Мындан тышкары, фонд 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин куруу долбоорун кароодо.

Фонддун башкармалыгынын төрагасынын айтымында, ОКӨФ 2022-жылы өзүнүн ченемдик укуктук базасын экономиканын реалдуулуктарына жана КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайыкташтыра баштаган. Фонд энергетика, өнөр жай жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат.

«Буга чейин жети жылдык ишмердүүлүгүбүздүн ичинде фонддун портфелинде 70тен ашык инвестициялык долбоорлор болгон. 2022-жылы 40тан ашык жаңы инвестициялык долбоорлор жактырылган. Ири долбоорлордун бири керамикалык плитка чыгаруучу заводдун курулушу», – деди Новиков.

Мындан тышкары, фонд эл аралык деңгээлдеги заманбап кардиохирургиялык клиника да курууну көздөөдө жана ага 1.5 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн. Ошондой эле «Хан-Тенгри Нарын» мейманканасын курат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “Жеңиш” конушунда  суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте “Жеңиш” конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин "Жеңиш" турак жай конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, суунун өчүрүлүшү "Жеңиш" суу топтомосундагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. "Бишкексууканал"

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жалпы пландалган иштер: * 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы — АМС "Дотация" иштелип чыкты. Системаны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, AMS "Дотация" дотацияларды алуу