Ошто 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Ошто 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Ош облусунун Ноокат районунда 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги билдирди.

Кытайлык инвесторлор менен биргеликте Ноокат районундагы 100 гектар жерге жер семирткич чыгаруучу завод куруу долбоору иштелип чыккан. Кечээ, 15-декабрда курулуш иштерине даярдыктар башталды.

Долбоордун жалпы баасы 200 млн долларды түзөт. Курамында азот, фосфор жана калий бар аралаш жер семирткич Беш-Буркан жана Абшир карьерлеринде көмүр чаңын (гумин) пайдалануу менен өндүрүлөт. Заводдун кубаттуулугу жылына 300 миң тоннаны түзөт.

Долбоорду онлайн форматта ишке киргизүү иш-чарасына Кытайдан келген инвесторлор, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, КРын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Данияр Жаныкулов катышты. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы Данир Иманалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “Жеңиш” конушунда  суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте “Жеңиш” конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин "Жеңиш" турак жай конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, суунун өчүрүлүшү "Жеңиш" суу топтомосундагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. "Бишкексууканал"

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жалпы пландалган иштер: * 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы — АМС "Дотация" иштелип чыкты. Системаны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, AMS "Дотация" дотацияларды алуу