Эки акционер «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын 98% акциясына ээ болушту

Эки акционер «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын 98% акциясына ээ болушту

Кыргызстандагы эң ири канаттуулар фабрикаларынын бири “Ак-Куунун” дээрлик 98% акциясын көзөмөлдөө укугу эки адамга өттү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) билдирүүсүндө айтылат. 

2-декабрдан тарта “Ак-Куу” ААКтын 5%дан ашык баалуу кагаздарына ээлик кылган адамдардын реестринде эки адам пайда болду:

  • Мырзаев Азис Мырзаевич, ал акциялар пакетинде 48.8250% үлүшкө ээ болду
  • Чолпонбаев Чынгыз Мырзаевич, 48.8248% үлүшкө ээлик кылат.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-сентябрга карата “Ак-Куу” ААКтын акцияларынын ээси катары 357 акционер катталган. Алардын арасында 5%дан ашык үлүшү бар акционерлер болгон эмес. Компаниянын башкы директору болуп Нургүл Малабаева эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 7965 үлгү түшүп, 18 848 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лабораторияларга импорттук продукциялардан 5559, экспорттук продукциялардан 1767 үлгү кабыл алынган. Мындан тышкары, изилдөө иштеринен 379 жана жарандардын кайрылуулары

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды. Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө. Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда. Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, документ турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү