"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Нарын" эркин экономикалык зонасынын аймагында бажы эрежелеринин бузулушун аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, текшерүү "Ц.п.ж.м. "К.-К.-У." ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө ишкана "Эркин бажы зонасы" жол-жобосу менен 1 млн 674 миң 253 килограмм чет өлкөлүк чийки затты алып келгени белгилүү болгон.

Бирок документтерди жана товарлардын иш жүзүндөгү калдыктарын текшерүүдө бажы көзөмөлүндө турган 575 миң 253 килограмм чийки заттын кайда экенин тастыктаган документтер жок экени аныкталган.

Бул көлөмдөгү товарлар үчүн төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү 4 млн 346 миң 427 сомду түзгөн.

Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды