Кайсы аймакта маяна жогору?

Кайсы аймакта маяна жогору?

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов 16-ноябрдагы маалымат жыйынында өлкөдө орточо эмгек акы январь-сентябрь айларына карата 55 миң 525 сомду түзгөнүн билдирди.

Ишкер Медиа сайты аймактардагы айлык акынын көлөмүн тактоо үчүн Статистика комитетинин басма сөз кызматына байланышты.
Алынган маалымат боюнча, Бишкекте орточо маяна аймактардан жогору. Борбордо тогуз айга карата 67 миң 787 сом деп эсептелинген. Үчтүктү 60 миң 138 сом менен Ысык-Көл жана 52 миң 547 сом менен Нарын облустары толуктайт.

Ал эми аймактар боюнча төмөнкүдөй:

  • Таласта 51 миң 835 сом.
  • Жалал-Абадда 47 миң 245 сом.
  • Ош шаарында 45 миң 626 сом.
  • Чүйдө 43 миң 856 сом.
  • Баткенде 42 миң 627 сом.
  • Ош облусунда 38 миң 461 сом.
Маалыматта орточо эмгек акынын көрсөткүчүн чыгарууда чакан ишканалар эсепке алынбаганы белгиленет. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Медина Дүйшеева биздин сайтка банктар, министрликтер жана ишканалар Бишкекте жайгашканы үчүн баш калаада айлык акынын көрсөткүчү жогору экенин билдирди. Ысык-Көлдөгү көрсөткүчтү "Кумтөр" сыяктуу ири ишканалар көтөрсө, Нарынды тоолуу аймак категориясы үчүн мамлекет төлөөчү компенсациялык үстөктөр жогорулатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев парламенттин 18-ноябрдагы жыйынында быйыл эмгек акынын реалдуу жогорулашы 16,6%ды түзгөнүн, номианалдык өсүшү 29,4% болгонун айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди