Канттан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 34 эсе өстү – 566 млн доллар

Үстүбүздөгү жылдын он айында Кант шаарынын ишканаларынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоо 566 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 34 эсеге (2021-жылы 16.4 млн доллар) өскөн. Мындай маалыматтар КРнын Улуттук статистикалык комитетинин талдоолорунда берилет.

Жалпысынан Чүй облусу экспорттун көлөмү боюнча биринчи орунда турат жана анын суммасы 257 млн доллардан 728.6 млн долларга өскөн.

Ошондой эле Бишкектен экспорттолгон товарлардын көлөмү дагы өстү, тагыраак айтканда, 2021-жылы 192.6 млн доллар болсо, 2022-жылы 276 млн долларга жеткен.

Жеке адамдар да товарларды көп жөнөтө башташкан – ал 58.3 млн доллардан 148.7 млн долларга чейин өскөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган