Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат

Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат

Талас облусунун 43 тургуну Түштүк Кореяда иштегенге мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2022-жылдын 19-декабрында кыргызстандыктарды Кореяга жөнөтүү боюнча иш-чара учурунда билдирди.

“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Кореянын Кочанг районунун Чолла-Пукту провинциясы менен макулдашууга кол коюлган, ал боюнча айтылган облустун тургундарынын биринчи тобу Түштүк Кореяга жөнөтүлөт”, – деди министр.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн келишимде эмгек шарттарын түзүү каралганын, бул татыктуу эмгек акы, социалдык кепилдиктер экенин, барган жарандар өлкөнүн мыйзамдарын бузбоосу маанилүү экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, документ турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү

Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү. Сыноо бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан уюштурулду. Иш-чара “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” менен биргеликте өткөрүлүп, ага курулуш тармагынын адистери, курулуш компаниялары

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,