Бишкектеги курулуп жаткан турак-жайлардын электрондук базасы түзүлөт
Бишкекте курулуп жаткан объекттердин электрондук базасы түзүлөт. Пилоттук долбоордун бет ачары 19-декабрда болуп, аны Мамкурулушка караштуу Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы даярдаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бул электрондук маалымат базасы шаар куруу мыйзамдарына ылайык, курулуп жаткан турак-жайларга прокурордук жана мамлекеттик көзөмөлдү жогорулатат, ошондой эле мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө жардам бермекчи.
Кошумчалай кетсек, келечекте бул электрондук база жарандарга бардык курулуштар боюнча толук маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу