Эми ар бир салык төлөөчүнүн паспорту болот - бүт маалыматтар камтылат

Эми ар бир салык төлөөчүнүн паспорту болот - бүт маалыматтар камтылат

Мамлекеттик салык кызматы “Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – “Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)” долбоорун ишке киргизгенин билдирди.

“Салык төлөөчүнүн паспорту” – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.

Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат.

“Салык төлөөчүнүн паспортунда” жайгашкан QR-кодун смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:

  • салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү)
  • ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу
  • жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.

Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда, салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түздөн-түз байланышса болот.

Салык кызматы “Салык төлөөчүнүн паспорту” калк тарабынан ишкерлердин ишмердигин контролдоону күчөтөрүн жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргой тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун компоненти катары “Салык төлөөчүнүн паспортун” киргизүү салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, аналитикалык ишти жакшыртууга, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салык төлөбөстөн экономикалык иш менен алектенген ак ниетсиз ишкерлерди натыйжалуу аныктоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи