Эксперт: Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат

Эксперт: Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат

Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат. Кыргызстандагы мындай жаман тенденция тууралуу Economist.kg уюштурган «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» деп аталган тегерек столунда «Инсан Лейлек» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Дербишева билдирди.

Эксперт мигранттардын балдары ата-энесинин жолун жолдойт деп ишенет. Андыктан өлкөдө 9-класстан баштап балдар билим ала турган кесиптик лицейлерди өнүктүрүү маанилүү.

«Балдардын техникалык билим алуусу маанилүү. Башка мамлекеттерде мындай тажрыйба бар. Ушундай жол менен ички эмгек рыногу толукталып, андан кийин гана алар өз жарандарын чет өлкөгө жумушка жөнөтүшөт», – дейт Дербишева.

Мындан тышкары, ал көптөгөн кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн жумуш таба албагандыктан же чет тилдерди билбегендиктен Орусияда калууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан чет тилдерин окутууга басым жасоо зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат. Республиканын суу объектилеринде

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын  Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Амар

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына карата даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилгени Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйынында айтылды. Министр Талантбек Солтобаев жыйында Чүй облусунда курула турган төрт ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерден учурда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Парламент депутаты Гуля Кожокулова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын энергетика тармагында кол коюлган бардык келишимдеринин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Комитет “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун талкуулады. Кредиттик жана