Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Парламент депутаты Гуля Кожокулова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын энергетика тармагында кол коюлган бардык келишимдеринин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Комитет “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун талкуулады. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол коюлган.


Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, долбоордун жалпы баасы 67,7 млн евро. Анын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.

"Насыянын жалпы мөөнөтү 20 жылдык деп чектелип, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Долбоор ишке ашса электр менен камсыздоо ишмердүүлүгү жогорулап, авариялык тобокелчиликтер азаят, кайра жаралуу энергия булактарына өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт, жаңы жумуш орундары пайда болот", - деди министрдин орун басары.

"Айрым биздин кесиптештерибиз дагы энергетикалык тармактагы коррупциялык иштерге аралашканы айтылды. Эгер мурда дагы мындай макулдашуулар туура аткарылганда энергетика тармагында кризис болмок эмес. Кандай насыя алсак дагы бул биздин жарандардын, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна илинет. Ошондуктан комиссия түзүүнү биздин ыйгарым укуктарга ылайык карап чыгышыбыз керек", - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева консультациялык кызматтарга кеткен чыгымдарды макулдашуунун алкагында каралган гранттык каражаттардын эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media