Кыргызстан миграциялык ийнеде отурат – эксперт
Акыркы 10-15 жылда Кыргызстан «миграциялык» ийнесине илинип калды. Бул тууралуу Economist.kg уюштурган «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» деп аталган тегерек столунда экономист Эльдар Абакиров билдирди.
Экономисттин айтымында, мигранттар көп каражат агымын камсыздайт, бирок бул канчага созулат деген суроо ачык бойдон калууда. Каражаттын дээрлик 95%ы Орусиядан келет, демек, КР экономикасы орус экономикасына байланган.
«Рубль түшүп кетсе, анын артынан сом кетет. Ал эми Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, 84 миллион долларды сатты», – деп белгиледи эксперт.
Ал Россиядагы мигранттардын бир бөлүгүн башка өлкөлөргө бөлүштүрүүнү туура деп эсептейт. Өлкө жумушчу күчүн канчалык тез диверсификацияланса, ошончолук тезирээк пайда көрөт.