Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү
Кыргызстандын айыл чарба жана мал чарбачылыгындагы кайра иштетилген азыктар кошуна өлкөлөрдүн базарында суроо-талапка ээ болуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га өстү.
“Ал эми мал чарба азыктары болсо 350%га өстү. Мал чарба экспортун жогорку деңгээлге чыгара алдык. Балык чарбасынын экспорту болсо эки эсеге көбөйдү”, – деди Жаныбеков.
Ошондой эле министр дыйкандарга шарт түзүү боюнча жеңилдетилген насыялардан тышкары, агроөнөр жай комплексин колдоо боюнча финансылык продукт иштелип чыкканын, класстердик ыкма менен иш алып барып жаткандарга 3.4 млрд сом өлчөмүндө финансылык каржылоо болгонун кошумчалады.