Экономист: жумушчу күчүн сактап калуу - мамлекеттин №1 милдети
Мамлекет үчүн жумушчу күчүн сактап калуу эң башкы милдет. Бул тууралуу Economist.kg уюштурган «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» деп аталган тегерек столдо экономист Эльдар Абакиров билдирди.
Эксперттин айтымында, мындай максатты мамлекеттик саясат аркылуу 15-20 жылдын ичинде ишке ашырууга болот.
«Бул инвестициялык саясаттан, менчикти коргоодон, адилеттүү сот системасы, жашыл компаниялар келип, олуттуу инвесторлор келип, жаңы жумуш орундары пайда болгондон башталат», – деди Абакиров.