КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты
2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 69.4 кг алтын сатты. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин өз ара соода боюнча отчетунда айтылат.
Алтындын басымдуу бөлүгү Түркияга сатылган. Анда 64.4 килограммдан ашык сатылган. Сатуулардын жалпы суммасы 609.6 миң долларды түзүп, Түркия алтындын бир граммын 9.4 доллардан алган.
БАЭге дээрлик беш кг алтын сатылган Келишимдин жалпы суммасы 295.9 миң долларды түздү. Ал эми арабдар бир граммдын баасын 59.2 долларга баалашкан.
Белгилей кетсек, БАЭ Кыргызстандын алтынын Лондондогу баалуу металлдар биржасында (LMBA) белгиленген расмий курска дээрлик барабар болгон бааларды койгон. Ошол эле учурда Түркияга сатылган алтындын граммы 9.4 доллардан болуп, БАЭ баасынан 6.3 эсе төмөн болгон.