Республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кылат

Республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кылат

Азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуудагы 11 айдын жыйынтыгы тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди.

Анын айтымында, 2022-жылдын январь-октябрь айларына карата түшүмдүүлүк жогору болгон жана экспорт-импортту эсепке алуу менен:

  • нан азыктары боюнча – 124.7 %
  • картошка – 234.6 %
  • сүт – 117.8 %, эт – 103.5%
  • жашылча жана бакча боюнча – 210.9 %
  • мөмө-жемиштер боюнча – 46.3 %
  • жумуртка – 58.4 %
  • өсүмдүк майы – 64.6 %
  • кант 177.4 %

Өздүк өндүрүштүн эсебинен:

  • нан азыктары боюнча – 79%
  • картошка – 233.8 %
  • сүт – 117.4 %
  • эт – 87.1 %
  • жашылчалар жана бакча – 189.2%
  • мөмө-жемиштер – 32.4%
  • жумуртка – 57%
  • өсүмдүк майы – 22.3%
  • кант-78.5 %.

“Кыргызстанда көрсөткүчтү артка тартып турган бул өсүмдүк майы. Өсүмдүк майы менен былтыр 12%га камсыз болсок, быйыл бул көрсөткүч 20%дан жогору болду”, – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде өз көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду. Аталган мекеменин маалыматка ылайык, текшерүүлөр инспектордук текшерүү жана тышкы көзөмөл аркылуу жүргүзүлгөн. Бул иш-чаралардын негизги максаты – финансы секторунда мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана кардарлардын укуктарын коргоо болуп