Кыргызстандагы туристтерге арналган биринчи RestPoint Кеминде ачылат

Кыргызстандагы биринчи RestPoint Кеминде тагыраак айтканда, ал жердеги айланма жолдо ачылат. Имараттын курулушу дээрлик аяктап калды.

Эмеректер жеткирилген соң, RestPoint конокторду тосуп алууга даяр болот.

Эске салсак, RestPoint эс алуу пункттары Туризмди өнүктүрүү фондунун колдоосу менен менен Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Кара-Көл, Жалал-Абад, Өзгөн жана башка шаарлардагы эң популярдуу жана эң көп туристтик шаарлар аралык каттамдарга курулуп жатат.

Жалпысынан фонд 68 эс алуу пунктун курууну пландаштырса, быйылкы жылы 21 RestPoint пайдаланууга берүү пландалган.

  • RestPoint – бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин заряддоо мүмкүнчүлүгү бар жай. Бул жерде террасада кофе ичип же душка түшүүгө болот. Ар бир RestPoint туристтик интерактивдүү дисплей менен жабдылат, анда саякатчыларга керек болгон маршруттар жана туристтик жерлер, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жайлар жөнүндө бардык маалымат камтылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган