Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети 27.2 млрд сом өлчөмүндө белгиленди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети 27.2 млрд сом өлчөмүндө белгиленди

Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 154 млн 178.6 миң сомго кыскартуу сунушталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасады.

Ага ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети 27.2 млрд сом суммасында кирешелерден жана 27.2 млрд сом суммасында чыгашалардан турары белгиленди. Ал эми 2024-жылга карата 27.9 млрд сом жана 2025-жылга карата 28 млрд сом болору болжолдонууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев кант диабети менен жабыркаган жарандарга керектүү дары-дармектерди камсыздоо маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов медициналык тейлөөнүн кайсынысы бекер, кайсынысына акы алынары боюнча жарандарга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун боло турган саммитине калаанын даярдыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эл аралык иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жашылдандыруу жана коомдук жайларды жаңылоо боюнча бир катар жумуштар аткарылууда. “Манас” эл аралык аба

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-августтун экинчи жарымынан тарта 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш эскертүү таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат. ӨКМ жарандарды өзгөчө сак болууга чакырып, кооптуу аймактарда эс алуудан жана кокту-

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев –Каракол автомобиль жолун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев, акимдин орун басары Нурлан Элчибаев жана райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Темирлан Мураталиев "Сал Эм" асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын учурдагы абалы, малды багуу шарттары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана