АКШ элчилиги 5000 долларга чейинки экологиялык жана билим берүү долбоорлоруна колдоо көрсөтөт - арыздар кабыл алынууда

Америкалык программалардын бүтүрүүчүлөрү 2022-жылдагы Чакан гранттар программасы аркылуу 5 миң долларга чейин каржылоо ала алышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага төмөнкү темаларда сунуштамалар кабыл алынат:

  • Инклюзивдүүлүк: адам укуктарын алдыга жылдыруу жана/же майыптыгы бар адамдар менен аз камсыздалган коомчулуктарда жашагандарга билим берүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган долбоорлор.
  • Туруктуу өнүгүү: экологиялык аң-сезимди өстүрүүчү жана/же таза энергетикалык чечимдерди иштеп чыгууга жардам берген долбоорлор.

Акыркы мөөнөт: 2023-жылдын 9-январы, саат 17:00гө чейин. Бул шилтеме аркылуу кошумча маалымат алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган