Салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди

Салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди

Финансы министрлигинин буйругу менен алдыдагы Салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы Стратегияны иштеп чыгуу атаандаштык жана адилеттүү салык системасын түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана салыктарды чогултууну жакшыртуу, КРнын 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында салыктык башкаруунун ачыктыгын күчөтүү зарылдыгы менен шартталган.

Салык кызматынын стратегиясынын негизги максаты – салыктык башкарууну салыктык контролдун аралыктан башкаруу ыкмаларына өткөрүү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу аркылуу салык төлөөчү жана салык органдары тарабынан КРнын салык мыйзамдарынын так жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу.

Ошол эле учурда Стратегия инструменттерди колдонуу менен стратегиялык пландаштыруу чөйрөсүндөгү алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан: SWOT-талдоо жана SMART принциптери. Жогорку IТ-технологияларды колдонуу Салык кызматын салыктарды эсепке алууда жана эсептөөдө салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүк принцибин колдонуучу кызматка айландырат.

Стратегияда бир катар натыйжаларга жетише турган 7 артыкчылыктуу багыт аныкталган:

  • Санариптештирүү: Маалыматтардын архитектурасын жана аналитиканы түзүү
  • Кардарларга болгон багытты жогорулатуу
  • Салыктык башкарууну модернизациялоо
  • Салык сабаттуулугун жана калктын маданиятын жогорулатуу
  • Ички жана тышкы органдар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү
  • Кадрдык дараметти өнүктүрүү
  • Салык кызматынын беделин колдоо жана өнүктүрүү. 

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-августтун экинчи жарымынан тарта 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш эскертүү таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат. ӨКМ жарандарды өзгөчө сак болууга чакырып, кооптуу аймактарда эс алуудан жана кокту-

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев –Каракол автомобиль жолун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев, акимдин орун басары Нурлан Элчибаев жана райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Темирлан Мураталиев "Сал Эм" асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын учурдагы абалы, малды багуу шарттары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыгарылды

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыгарылды

Улуттук банк 3-августтан тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, монета Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Ал Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат