Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 50 миң долларлык каржылоого арыздарды кабыл алуу башталды

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 50 миң долларлык каржылоого арыздарды кабыл алуу башталды

Бишкек, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жеке менчик бала бакчалар жана мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү курстары 50 миң долларга чейин инвестиция ала алат.

Accelerate Prosperity Ысык-Көл, Чүй, Нарын облусунда эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери, уюмдар жана ишканалар үчүн бизнес акселераторуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялады. Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын колдоосу жана көзөмөлүнун алдында интенсивдүү окутуу программасын бүтүрө алышат.

Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү максатында 50 миң долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү үчүн ат салыша алат.

Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

  • Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.

Конкурстун шарттары:

  • Конкурска катышуу үчүн, 2023-жылдын 27-январына чейин кечиктирбестен анкета толтуруу керек (белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт).
  • Анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурса болот.
  • Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана тандоо комиссиясы тарабынан өткөрүлө турган интервьюга чакырылат.
  • Жатакана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар катышуучу тарабынан каржыланат.
  • Бизнес-акселератор Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Конкурска катышуу үчүн бул жерден онлайн форманы толтуруу керек. Суроолор боюнча + 996 (990) 935-008 номерине чалууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган жарандарга карата таасир этүүчү чараларды көрдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт тургунуна жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясы жок

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызстан – Ысык-Көл 2026" UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын салтанаттуу жабылыш аземине катышты. Ал өз сөзүндө мелдештин жүрүшүндө Ысык-Көл дүйнөнүн мыкты спортчуларын жана суудагы эң ылдам жарыш кайыктарын кабыл алганын белгилеп, Кыргызстан ири эл аралык спорттук

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерге баа

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошонлой эле курулуш-монтаж